https://sputnik.kg/20260929/1103969271.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөтПутин Россияны жеңүү жана анын жарандарын коркутуу мүмкүн эмес экенин билдирди Кыргызстанда жасалма... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T13:00+0600
2026-09-29T13:00+0600
2026-09-29T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103969105_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a3543fadb890aae2bb2ac1a32f1795ab.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөтПутин Россияны жеңүү жана анын жарандарын коркутуу мүмкүн эмес экенин билдирди Кыргызстанда жасалма интеллектинин этикалык эрежелерин бекитүү сунушталууда
Кыргызстандын Министрлер кабинети жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу этикалык эрежелерди бекитүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эрежеге ылайык, ЖИнин иши жана анын натыйжалары үчүн адамдар жооп берет. Алгоритмдерди адамдын укуктарын сактоо менен колдонуу, колдонуучуларды манипуляциялоого жол бербөө талап кылынат. Ошондой эле ЖИ системдери кыргыз тилинин нормаларын сактап, мамлекеттик тилдеги толук интерфейске ээ болушу керек. Тарыхый жана мамлекеттик ишмерлер тууралуу жалган маалымат жараткан контентке чектөө киргизүү, ал эми ЖИ жараткан материалдарды атайын белгилөө сунушталууда.
Бишкекте 2-октябрда III Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөт. Абитуриенттер, алардын ата-энелери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен түздөн-түз баарлашып, билим берүү программалары, даярдоо багыттары, окууга тапшыруу шарттары жана Россияда билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат ала алышат. Көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Россиянын башка шаарларынан инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук жана классикалык багыттагы университеттер катышат. Мындан тышкары, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери РФ өкмөтүнүн квоталарынын негизинде россиялык ЖОЖдорго тапшыруу маселелери боюнча жеринде кеңеш беришет. Иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин КРСУнун башкы корпусунда өтөт.
Кыргызстанда жарандар нотариуска барбастан, телефон аркылуу аралыктан нотариалдык кызматтарды ала алышат. Бул тууралуу нотариалдык кызматтарынын Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Элчибек Бекбоев билдирди. Анын айтымында, өзгөчө чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн бул кызмат ыңгайлуу. Алар Кыргызстандан тышкары жерде жүрүп эле мобилдик тиркеме аркылуу нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзө алышат. “2024-жылдын февраль айынан баштап “Электрондук нотариат” системасын киргизгенбиз. Ал эми 2026-жылдын февраль айынан тартып мобилдик тиркемесин ишке киргиздик. Жарандар нотариалдык кызмат алуу үчүн нотариуска барбастан, аралыктан эле пайдалана алышат”, - деди Бекбоев. Ошондой эле мобилдик тиркеме аймактарда нотариустар аз же жок болгон жерлерде жашаган жарандар үчүн да ыңгайлуу экени белгиленди. Бекбоевдин маалыматына караганда, учурда тиркеме аркылуу көбүнчө ишеним каттарды тариздөө жана балдарды чет өлкөгө чыгарууга байланыштуу ата-эненин макулдугун берүү сыяктуу нотариалдык кызматтар көрсөтүлүүдө.
Россияны жеңүү жана анын жарандарын коркутуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде шайлоонун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик Думага өткөн саясий партиялардын жетекчилиги менен болгон жолугушууда билдирди.Ал ошондой эле россиялыктар Мамдумага шайлоодо өз келечегин өз алдынча аныктоо боюнча эгемен укугун коргоп калышканын белгиледи.Президент добуш берүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ондогон миллион шайлоочуларга ыраазычылык билдирди. Ал жарандардын жогорку катышуусу шайлоонун талашсыз мыйзамдуулугун камсыз кылганын белгиледи. Тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думага шайлоо Россияда 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин өттү. Жаңы чакырылышка беш саясий партиянын өкүлдөрү өттү: “Единая Россия”, КПРФ, ЛДПР, “Новые люди” жана “Справедливая Россия”. Ошондой эле “Родина” партиясынын өкүлү жана төрт өзүн-өзү көрсөткөн талапкер шайланды.
Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөтПутин Россияны жеңүү жана анын жарандарын коркутуу мүмкүн эмес экенин билдирди Кыргызстанда жасалма интеллектинин этикалык эрежелерин бекитүү сунушталууда Кыргызстандын Министрлер кабинети жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу этикалык эрежелерди бекитүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эрежеге ылайык, ЖИнин иши жана анын натыйжалары үчүн адамдар жооп берет. Алгоритмдерди адамдын укуктарын сактоо менен колдонуу, колдонуучуларды манипуляциялоого жол бербөө талап кылынат. Ошондой эле ЖИ системдери кыргыз тилинин нормаларын сактап, мамлекеттик тилдеги толук интерфейске ээ болушу керек. Тарыхый жана мамлекеттик ишмерлер тууралуу жалган маалымат жараткан контентке чектөө киргизүү, ал эми ЖИ жараткан материалдарды атайын белгилөө сунушталууда. Бишкекте 2-октябрда III Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөт. Абитуриенттер, алардын ата-энелери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен түздөн-түз баарлашып, билим берүү программалары, даярдоо багыттары, окууга тапшыруу шарттары жана Россияда билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат ала алышат. Көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Россиянын башка шаарларынан инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук жана классикалык багыттагы университеттер катышат. Мындан тышкары, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери РФ өкмөтүнүн квоталарынын негизинде россиялык ЖОЖдорго тапшыруу маселелери боюнча жеринде кеңеш беришет. Иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин КРСУнун башкы корпусунда өтөт. Кыргызстанда жарандар нотариуска барбастан, телефон аркылуу аралыктан нотариалдык кызматтарды ала алышат. Бул тууралуу нотариалдык кызматтарынын Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Элчибек Бекбоев билдирди. Анын айтымында, өзгөчө чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн бул кызмат ыңгайлуу. Алар Кыргызстандан тышкары жерде жүрүп эле мобилдик тиркеме аркылуу нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзө алышат. “2024-жылдын февраль айынан баштап “Электрондук нотариат” системасын киргизгенбиз. Ал эми 2026-жылдын февраль айынан тартып мобилдик тиркемесин ишке киргиздик. Жарандар нотариалдык кызмат алуу үчүн нотариуска барбастан, аралыктан эле пайдалана алышат”, - деди Бекбоев. Ошондой эле мобилдик тиркеме аймактарда нотариустар аз же жок болгон жерлерде жашаган жарандар үчүн да ыңгайлуу экени белгиленди. Бекбоевдин маалыматына караганда, учурда тиркеме аркылуу көбүнчө ишеним каттарды тариздөө жана балдарды чет өлкөгө чыгарууга байланыштуу ата-эненин макулдугун берүү сыяктуу нотариалдык кызматтар көрсөтүлүүдө. Россияны жеңүү жана анын жарандарын коркутуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде шайлоонун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик Думага өткөн саясий партиялардын жетекчилиги менен болгон жолугушууда билдирди.Ал ошондой эле россиялыктар Мамдумага шайлоодо өз келечегин өз алдынча аныктоо боюнча эгемен укугун коргоп калышканын белгиледи.Президент добуш берүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ондогон миллион шайлоочуларга ыраазычылык билдирди. Ал жарандардын жогорку катышуусу шайлоонун талашсыз мыйзамдуулугун камсыз кылганын белгиледи. Тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думага шайлоо Россияда 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин өттү. Жаңы чакырылышка беш саясий партиянын өкүлдөрү өттү: “Единая Россия”, КПРФ, ЛДПР, “Новые люди” жана “Справедливая Россия”. Ошондой эле “Родина” партиясынын өкүлү жана төрт өзүн-өзү көрсөткөн талапкер шайланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103969105_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5fe28e10f3a3b85df0b83a931f511c1c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио