https://sputnik.kg/20211029/sport-agenttin-zhoyuu-mashyktyruuchulardyn-kayryluusu-1054405314.html
Парижден медаль албай калышы мүмкүн. Бийлик спортчуларды чочутууда. Видео
Парижден медаль албай калышы мүмкүн. Бийлик спортчуларды чочутууда. Видео
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн спорт тармагынын өкүлдөрү, белгилүү машыктыруучулар маалымат жыйын өткөрүп, президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына кайрылышты. Алар жалпы эле... 29.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-29T16:29+0600
2021-10-29T16:29+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
спорт
видео
мультимедиа
жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги
департамент
машыктыруучу
олимпиада
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1d/1054404348_10:-1:1920:1080_1920x0_80_0_0_5e668b37bf4f0e44b514a736ac6a1c75.jpg
Машыктыруучулар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жоюлуп, Маданият министрлигинин алдындагы департамент болгону жатат деп тынчсызданууда. Бийлик мамлекеттик органдардын штатын кыскартуунун алкагында ушундай кадамга барып жатат деп болжоп жатышат.Эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов Токиодогу ийгилик Мамлекеттик спорт агенттигинин көз карандысыз иштегенинин натыйжасы болгонун белгилейт.Ал эми Канат Бегалиев, Акжол Махмудов сыяктуу Олимпиаданын байге ээлерин таптаган машыктыруучу Мейрамбек Ахметов, тескерисинче, агенттиктин статусун көтөрүү керектигин айтты."Алар маданият менен дене тарбия бирдей деп ойлойт окшойт. Экөө такыр эки башка. Жадагалса туризм спортко жакыныраак. Ошон үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү Беларусь, Грузияда Спорт жана туризм министрлиги бар. Мен машыктыруучу катары айткым келет, тескерисинче, спортту кеңейтип, көп укук берип, статусун министрлик, мамлекеттик комитетке чейин көтөрүш керек. Мисалы, Россияда Спорт министрлиги бар, анан ар бир федералдык округунда министрлик иштейт", — деди Ахметов.Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов ансыз да спортчуларды каржылоо көйгөй жаратып турганда, департамент болсо такыр эле бюрократияга айланарын эскертти. Ошол эле учурда ал эки күндөн кийин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына бара турган балбандарга каражат бөлүнбөй жатканын мисал келтирди.
https://sputnik.kg/20211029/duyno-chempionaty-karazhat-bolunboy-zhatat-1054401211.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1d/1054404348_202:-1:1920:1080_1920x0_80_0_0_fb3e6b2203fe7887b80e590ea42c73d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, видео, мультимедиа, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, департамент, машыктыруучу, олимпиада, бийлик
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, видео, мультимедиа, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, департамент, машыктыруучу, олимпиада, бийлик
Парижден медаль албай калышы мүмкүн. Бийлик спортчуларды чочутууда. Видео
16:29 29.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бүгүн спорт тармагынын өкүлдөрү, белгилүү машыктыруучулар маалымат жыйын өткөрүп, президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына кайрылышты. Алар жалпы эле спортчулар үчүн жагымсыз жагдай жаралып жатканын айтууда.
Машыктыруучулар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жоюлуп, Маданият министрлигинин алдындагы департамент болгону жатат деп тынчсызданууда. Бийлик мамлекеттик органдардын штатын кыскартуунун алкагында ушундай кадамга барып жатат деп болжоп жатышат.
Эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов Токиодогу ийгилик Мамлекеттик спорт агенттигинин көз карандысыз иштегенинин натыйжасы болгонун белгилейт.
"Учурда Спорт агенттиги 63 штат менен иштеп жетишпей жатат, эгер департамент болуп калса 11 гана штат берилет. Алар Париж Олимпиадасына улуттук команданы кантип даярдайт? Дүйнө, Азия чемпионаттарына, оюндарга даярдоо колунан келеби. Массалык спорт, улуттук оюндарды унутпашыбыз керек. Аларды ким көтөрөт? Ошондуктан шашылбай ойлонуп чечим чыгарып, агенттикти өзүнчө кылып берүүңүздөрдү суранабыз", — деди Алыкулов.
Ал эми Канат Бегалиев, Акжол Махмудов сыяктуу Олимпиаданын байге ээлерин таптаган машыктыруучу Мейрамбек Ахметов, тескерисинче, агенттиктин статусун көтөрүү керектигин айтты.
29 Тогуздун айы 2021, 13:02
"Алар маданият менен дене тарбия бирдей деп ойлойт окшойт. Экөө такыр эки башка. Жадагалса туризм спортко жакыныраак. Ошон үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү Беларусь, Грузияда Спорт жана туризм министрлиги бар. Мен машыктыруучу катары айткым келет, тескерисинче, спортту кеңейтип, көп укук берип, статусун министрлик, мамлекеттик комитетке чейин көтөрүш керек. Мисалы, Россияда Спорт министрлиги бар, анан ар бир федералдык округунда министрлик иштейт", — деди Ахметов.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов ансыз да спортчуларды каржылоо көйгөй жаратып турганда, департамент болсо такыр эле бюрократияга айланарын эскертти. Ошол эле учурда ал эки күндөн кийин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына бара турган балбандарга каражат бөлүнбөй жатканын мисал келтирди.