01:17 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
© Sputnik / Эмиль Садыров

Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин өткөрдү. Мелдеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду.

UFC уюмунун экс-чемпиону өткөргөн турнирде кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты. Анда өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады.

Ал эми кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаев таймашты. Кармаштын экинчи раундунда Абдибаит уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун 65 килограмм салмактагы чемпиону болду.

Чемпиондук курду турнирге конок болуп келген Хабиб Нурмагомедов өзү такты.

Тема боюнча

Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт
Белгилер:
Кыргызстан, Хабиб Нурмагомедов, EFC, видео

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ