Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Видео

Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын турукташуусу боюнча элге кайрылуу жасады.
Өлкө башчы 28-30-апрелдеги окуялар ондогон жарандардын өмүрүн алып кеткенин эске салып, айрыкча, 12 жашар кыздын өлүмүнө терең кайгырып отурганын билдирди.
“Мамлекетибиздин ар бир чарчы метр жери үчүн жан аябай салгылашып, жанын берген каарман жоокерлерибиздин эрдигине башымды ийип таазим этемин. Жоокерлерибиз Манас Атанын чыныгы урпактары, кыргыздын нагыз эр жүрөк баатырлары экендигин далилдеди! Дарыгерлерибиздин, куткаруучуларыбыздын жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчыларыбыздын ишин өзгөчө белгилейм. Алардын көк жалдыгы, эрдиги жана күйүмдүүлүгү кийинки муун үчүн өрнөк”, — деди Жапаров.
Тынчтык орноткон протоколдо эмне камтылган, Ташиевдин Германияга кетиши. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Тынчтык орноткон протоколдо эмне камтылган, Ташиевдин Германияга кетиши. Видео
Ошондой эле ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки ирет сүйлөшүп, чатакты ырбатпоо үчүн чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар ортосундагы иштин натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлганын айтты.
“Чатак ырбаса эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлө кайгы-муңга бөлөнмөк. Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлоймун. Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтоттук”, — деди президент.
Сөзүнүн аягында Жапаров мындан ары жаңжалды алдын алуу максатында коңшу же аралаш жашаган айылдарда эки тараптын сыйлуу аксакалдарынан, урматтуу адамдарынан турган тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүүнү сунуш кылганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0