16:33 28 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Видео

"Дженгонун" хан сарайы менен башка байлыгы тартылган видео

Кыскача шилтеме алуу
1038 0 0
© Видео / пресс-служба ГКНБ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов ээлик кылган кыймылсыз мүлктүн видеосун жарыялады.

Досоновго мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деп жаңы кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына караганда, Досонов мурда бир нече жолу соттолгон жана эч жерде иштебейт, анын ичинде бизнеси дагы жок.

Атайын кызматтын тараткан видеосунан "Дженгонун" хан сарайын жана башка кыймылсыз мүлкүн көрүүгө болот.

"Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылганы аныкталды. Ошондой эле бир катар курулуш компанияларын да каржылап келгени белгилүү болду", — дешти УКМКдан.

Кримтөбөлгө карата КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда УКМК тарабынан анын акча каражатынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди. Тергөө жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов 12-февраль күнү эки айга камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган. Кандай кылмыш экени айтылган эмес.

Тема боюнча

15 үй, 19 унаа... Кримтөбөл "Дженго" мүлкүн кантип адалдаштырганы аныкталды. Сүрөт
Кримтөбөл “Дженго” камакка алынды
Белгилер:
кылмыш, Дженго, УКМК

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ