17:59 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Видео

Тырманып, тап берип. Жапайы жаныбарлардын жер талашкан күлкүлүү видеосу

Кыскача шилтеме алуу
319 0 0
© YouTube / Kruger Sightings

Өздөрүн Крюгер жаратылыш паркындагы жаныбарлар менен "ооруп калганбыз" деп атаган турист ата-бала ошол аймактан павиан менен антилопанын баласынын кызыктуу видеосун тартып алган.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, окуя эртең менен болгон.

Алардын жазганы боюнча, жапайы жаныбарлар, кыязы, жер талашып, бири-бирине тап берип, айбат кылышкан. Анткен менен кадрларга байкоо сала келгенде агрессия байкалбай, тескерисинче, бул кичинекей жаныбарлардын бири-бири менен ойноп жаткандай элес калтырат. Видеодон алардын өтө ысык болуп жакындашып кетпегени менен адатта жапайы жаратылышта кездешкенде бири-бирине кол салуу ниети сезилбейт.

Анткен менен кичинекей маймылдар беркилерге тап берип, тийишип, тырманып алып, саамга отура калып, айланага көз жүгүртүп, кайра "ишине киришкенин" көрүүгө болот. Андан бир нече кадам аралыкта эне павиан таштын үстүндө жайбаракат отурганы да видеого түшүп калган.

Таң эрте бул паркты кыдырып жүргөн адамга ал жердеги жогоруга окшогон, күндө эле кездеше бербеген окуялар жагымдуу маанай тартуулары турган иш.

Павиандар Түштүк Африкада кеңири жайылган маймылдардын түрү. Тулку боюнун узундугу 40-110 сантиметрге жетет. Эгерде коркунуч жаралса, тобундагы маймылдарды жырткычтарды ар кыл үн менен чаңырып, кыйкырып алыстатып, коргойт.

Буга чейин Түштүк Африкадагы Пилейнсберг улуттук паркына барган саякатчылар кабыландын баласын көтөрүп жүргөн павиандын видеосун жарыялаган.

Тема боюнча

Тарап, тазалап. Кабыландын баласын "багып алган" маймылдын күлкүлүү видеосу
Белгилер:
видео, антилопа, Түштүк Африка Республикасы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ