Айсулуу Тыныбекова: күйөрмандардын сүрөөсү мага күч берет

Жазылуу
Дүйнө кубогунда жеңүүчү болгон Айсулуу Тыныбекова маек куруп, алдыдагы Олимпиадага карата үмүттөрү тууралуу айтып берди.

Спортчу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Түркиядагы машыгуу учурунда бул мелдешке жакшы даярданганын билдирди. Ошондой эле ал буга чейинки Польшада өткөн мелдеште (узак убакыт тыныгып калган соң) бир топ толкунданганын жашырган жок.

"Дүйнө кубогунда андай толкундоо болгон жок. Анткени жакшы даярдангам”, — деди Тыныбекова.

Финальный поединок Тыныбековой на Кубке мира — полное видео - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекованын Дүйнө кубогундагы финалдык беттеши. Толук видео
Анын айтымында, негизги багытты башкы машыктыруучусу аныктаган. Андан соң Олимпиада тууралуу суроолорго жооп берип жатып, анын куржунунда олимпиадалык гана медаль жок экенин айтты.

"Аны алыш үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Биз ага 10 жылдан бери келе жатабыз. Максатыбызга жетмейинче... Негизги багытыбыз — Олимпиада медалы”, — деди спортчу кыз.

Ошондой эле ал былтыр дүйнө чемпиону болгондон кийин күйөрмандарынын колдоосун ого бетер сезгенин кошумчалады.

"Мойнумда чоң милдет бар. Күйөрмандарым мени колдоп турганда, ага жетем деп ойлойм. Мекендештеримдин колдоосу мага эки эселеп күч берет”, — деди Тыныбекова.

Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары быйыл Япония мамлекетинде өтмөк, бирок пандемия ага тоскоолдук кылып, кийинки жылга жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0