Жогорку Кеңештин резиденциядагы отуруму. Видео

Жазылуу
Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушту. Алар президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана премьер-министрдин талапкерлигин карашат.

Эске салсак, Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке "Ала-Тоо" аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары элди кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

7-октябрда ар кайсы ишканалар аларды басып алууга аракеттер болгонун айткан. Акциялар уланып, митингчилердин бир бөлүгү Садыр Жапаровду колдосо, экинчиси люстрация мыйзамын талап кылган болчу.

8-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековго айрым депутаттар импичмент процедурасын баштаганын кабарлашты.

9-октябрда төрт партия башын бириктирип, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштады. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун колдоочулары "Ала-Тоо" аянтындагы митингге кошулуп, Садыр Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болгон. Атамбаевдин автоунаасына ок атылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0