Эжелеп жооп бере албай койгон Памир Асановду вице-спикер Касымалиева зекиди. Видео

Жазылуу
Вице-спикер үй-бүлөлүк зомбулуктан канча аял каза тапканын айта албай койгон ИИМ башчысынын орун басары Памир Асановду зекиди.

Вице-спикер 2018-2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болгон аялдардын санын сураган. Асанов "2018-жылы эки аял көз жумган" деп жооп берди. Буга кошулбаган Касымалиева ЖМКларга 68 аялдын каза болгону боюнча статистика чыгып жатканын айтты. Ал эми 2019-жылдын статистикасын сураганда жооп бере албай, соңку учурда катталган эки аялдын өлүмү тууралуу айтып кирген.

Андан соң депутат зомбулукка тушуккан 8159 адамдын канчасы эркек, канчасы аял экенин билүүгө кызыкты. Бирок ИИМ башчысынын орун басары эркектердин саны 5752, аялдар 393 экенин айтып, бир топко чейин эжелеп так санын айта албай калды.

"5752 эркек зомбулуктан жапа чектиби, эмне деп айтып жатканыңызды түшүндүңүзбү? Жакшылап даярданып келбейсизби, же эч нерсени билбейсизби? Жаш баланын жообундай болуп жатат. Сиздерге арыз менен кайрылганда да ушундай мамиле кыласыздар. Сиздер үчүн бул кылмыш эмес. 8159 фактынын ичинен 563 гана иш сотко өткөрүлгөн. Канчасы жазаланды? Бул жерде эжелеп окуп отурасыздар, абдан уят!" — деди Касымалиева.

Деятельность кризисного центра Сезим в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Зомбулукка кабылган аялдар кайда кайрылса болот? Дарек, телефондор
Бүгүн парламентте "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" боюнча сунушталган мыйзамдын долбоору каралууда.

Эске салсак, жаңы жылда Баткен шаарында 31 жаштагы келин ур-токмоктон каза тапкан. Кийинчерээк Кочкордо дагы 37 жаштагы келиндин киши колдуу болгону ачыкталды. Эки учурда тең шектүү катары келиндердин жолдоштору кармалган. Ал эми 9-январь күнү Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү колго түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0