Нигерия жаранынын сокку жеп, жыгылган учуру видеого түшүп калган

Жазылуу
Сокку жеген Али чалкасынан кетип, жерге башы менен тийген.

Нигериялык жаран Али Абубакардын чырдаша кетип сокку жеген видеосун WhatsApp-каналына окурман жиберди.

Видеодо көрүнүп тургандай, ЦУМдун алдынан колуна уюлдук телефон кармаган жигит Алинин артынан бара жатканын көрүүгө болот. Андан соң экөөнүн айтыша кетип, бири-бирине сес көрсөтүп жатканы байкалат. Бир маалда эле ал чет элдик кишини колунан жулкулдата тарта баштаган, буга каршылык көрсөткөндө жигит бет талаштыра бир койгон. Катуу муштум жеген Али кулап, чалкасынан түшүп, цементке башы менен тийген.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нигерия жаранынын өлүмүнө шектүү жигит: сөгүнгөндө уруп жибергем
Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү Бишкекте болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанында болгон. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов маркум менен шектүү бири-бири менен тааныш эместигин, экөө ЦУМдун чыга беришинен кокусунан түртүшүп кеткенин айткан. Андан кийин сөздөн-сөз чыгып уруша кетип, шектүү чет элдик жаранды уруп жибергенде жыгылып, жерге кара кушу менен тийгенин билдирген.

Ал эми шектүү болсо Али сөгүнгөндүктөн уруп жибергенин айткан.

Маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директорлугун аркалап, англис тилинен сабак берчү. Анын сөөгү Арча-Бешиктин үстүндөгү көрүстөнгө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0