Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу

Жазылуу
"Ош" базарынын айна-самын жана азык-түлүк саткан "Берекет универсал" кичи базарын жабуу аракети башталды. Буга соодагерлер каршы болуп, кетпей жатат. Себеби базар жетекчилиги аларга башка жерден орун бербей, мурда күйгөн базардын ордуна курулган имараттан күркө сатууда. Бирок анын баасы да, ижарасы да кымбат экенин айтышат.

Аталган базарда бир суткадан бери электр жарыгы жок. Мунун кесепетинен сүт, эт азыктары бузулуп, жарактан чыгууда. Эл базарга кире турган көпүрөнү бузуп жетекчилик ар жактан кысып жатат дейт соодагерлер. Базардын күзөтчүлөрү да кетип калып, эки күндөн бери 20-30 соодагер чогулуп түнү менен өздөрү кайтарууда. Бүгүн эртең менен базарга киргизбей, дарбазаны бекитип койгондо күчкө салып ачып кирдик дешти.

Ош базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо
Белгилей кетсек, "Берекет универсал" кичи базарынын директорунун орун басары Эсен Саматбаев буга чейин ал жерге соода комплекси курула турганын айткан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы барып ара жолдо калган сатуучулардын үнүн угуп келди.

Соодагер Анара Мурзабекова кечээтен бери базарда электр энергиясы жок болгондуктан муздаткычтар иштебей 35-40 миң сомдой чыгымга учураганын айтып берди.

"Мына карагыла, тоок эти, колбаса жана сүт азыктары бузулуп кетти. Канча чыгым тарттык, базар жетекчилиги компенсация төлөп берсин эми. Бүгүн келсек да свет жок, дарбазаны жаап бизди иштетпей жатат. Күнүгө ушул көйгөй, эмне кылышты билбей калдык", — деп арызданды Мурзабекова.

Базардын жабылышына нааразы болгон кардарлар дагы бар. Алар бул жерде азык-түлүктөр алда канча арзан экенин, башка жакка көчүрсө баасы кымбаттай турганын айтып өттү.

Арыз-муңун айткан соодагерлер бүгүн да базар администрациясынын алдына чогулган. Алар менен Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев жолукту.

Соодагер Бакыт Сейдалиев бир гана адам өз кызыкчылыгын көздөп базарды жаап жатканын айтып, бийлик органдарынын буга унчукпай отурганына нааразы болду.

3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! Ош базарындагы сатуучулардын арыз-муңу - Sputnik Кыргызстан
3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! "Ош" базарындагы сатуучулардын арыз-муңу
"Эч ким башаламандык кылбайт. Эптеп жанын багып жаткан элге тийбей эле койгулачы. Мамлекеттин бюджети дотацияда турат. Кечээ премьер-министр "көмүскө экономиканы" каяктан табам?" деди. Ушул жерге келсин, акчаны мен таап берем. Россия же Казакстанда эмеспиз, өз жерибизде кор бололубу эми? Базардын жарымы муниципалдык жер. Биз инвестор болуп акча чогулталы, ошол соода комплексин силер кургула. Акча мамлекетке түшсүн. Азыр бир ишкерди эле байытып жатабыз", — деп кайрылды соодагер акимдин орун басарына.

Бийликтин өкүлү Чыныбаев бул жерге соода комплексин куруу боюнча базар жетекчилиги акимиатка кайрылбаганын билдирди.

"Бул базардын кайсы бөлүгү мэрияга тиешелүү жер экенин так айта албайм. Айрым жери жеке менчик, айрым бөлүгү муниципалдык жер. Аны ижарага алып иштетет. Базарды жабууга мамлекеттик органдар кийлигише албайт. Бул жеке ишкана менен соодагерлердин ортосундагы иш болуп саналат. Ал эми базардын жетекчилиги соода комплексин куруу боюнча документ тапшырган эмес. Бизге кайрылса, анан мыйзамдуулугун карап көрөбүз", — деди Чыныбаев.

Акимдин орун басары "бул жерде соодагерлердин укугу тебеленүүдөбү же мыйзам бузулуп жатабы?" деген суроого комментарий берүүдөн баш тартты.

Аягында соодагерлер базардын администрациясына барып эч кимди таппай чыгышты. Иш бөлмөсү бек экен.

Ош базарындагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базарлардагы сырдуу өрттөн канча акча жок болду? "Куйкаланган" миллиондор...
Эскерте кетсек, Ош" базарында былтыр январдан апрель айына чейин үч ирет ири өрт чыгып, жүздөгөн соодагерлер миллиондогон чыгымга учураган. Үчөөндө тең кырсык түндө же таңга маал, эл базарга келе электе болгон. Биринчиси 30-январда чыгып 3500 чарчы метрди, экинчиси 5-мартта болуп 700 чарчы метрди жалмаган. Үчүнчүсү 13-апрелде "Берекет" кичи базарынан чыгып 5400 чарчы метри күйүп кеткен. Анын ордуна азыр соода комплекси курулган. Азыр ошонун жанында иштегендердин базары жабылып, жаңы имараттан күркө сатып алууга мажбурланууда.

Өрт кырсыгы катталган ар бир учурда кылмыш иши козголгон. Үчүнчү өрт боюнча айыпталып "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу боюнча жоопкер кызматкер кармалган болчу. Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы үч өрткө айыпкер катары кимдир бирөө жоопко тартылып же тартылбаганы боюнча маалымат бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0