00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Базарлардагы сырдуу өрттөн канча акча жок болду? "Куйкаланган" миллиондор...

Жазылуу
Борбор калаадагы "Ош" базарына 75 адам ээлик кылат. Ал жакта соода кылгандар патент үчүн быйыл жыл башынан бери 10,2 миллион сом төлөгөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрт айдын ичинде өлкөнүн базарларында төрт ири өрт кырсыгы катталды. Мунун кесепетинен жүздөгөн адам миллиондогон чыгымга кириптер болуп отурат. Деген менен алиге чейин улам кайталанган тилсиз жоого күнөөлүүлөр табылбай, эч бир адамга чара көрүлө элек.

Кечээ, 18-апрелде, парламент өкмөттүн өкүлдөрүн чакырып базарлардагы өрт кырсыктары боюнча маселени карады. Анда вице-премьер Санжар Муканбетов өрттөн жабыр тарткан ишкерлер жана келтирилген чыгымдар туурасында маалымат берди.

Жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

Биринчи өрт

30-январда "Ош" базарынын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги кире беришинде жайгашкан "Сейтек" кичи базарында өрт чыгып, 3500 чарчы метр соода жайы күйгөн. Анын кесепетинен 118 соода түйүнү өрттөнүп кеткен. Жабыркагандардан 150 арыз түшүп, салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн делип 74 ишкер табылган. Соодагерлердин банктан алган насыясы 17 миллион сомду түздү. Бирок жалпы чыгым канча экени такталган эмес. Базардын жетекчиси — Чолпон Тойчубекова.

Экинчи өрт

Арадан бир ай өтүп, 5-март күнү ушул эле "Сейтек" кичи базарын кечки саат 21.06да кайрадан өрт чалды. Анда жалын 800 чарчы метр аянтты жалмап кетти. Жалпы жонунан 60 ишкер чыгымга учураган. Келтирилген зыяндын өлчөмү 18 миллион сомдон ашат. Мунун да жетекчиси Чолпон Тойчубекова.

Үчүнчү өрт

13-апрелге караган түнү саат 3.00дөр чамасында Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Берекет" кичи базарында дагы ири өрт чыккан. Мында жалпы жонунан 5400 чарчы метр аянт жалында калды. 359 ишкер зыянга учурап, 601 миллион сомдон ашык каражатын жоготкон. Бул базарга Рахат Момункулов ээлик кылат.

Жалал-Абаддагы өрт

Жалал-Абадда дагы 13-апрелге караган түнү саат 2.00дөр чамасында борбордук базардын 1270 чарчы метр аянты күйүп кетти. Мунун кесепетинен 56 ишкер чыгымга учурап, 32 миллион сомдук зыян тарткан. Канат Усенов жетекчилик кылган муниципиалдык базарда 35 жана жеке ишкер Кубанычбек Анаркуловдун "Амантур" ишканасына таандык жайда 16 соодагер иштечү. Калганы чакан күркөлөрдө өз алдынча соода кылып келген.

Төрт ирет чыккан өрттүн кесепетинен жалпы жонунан 668 миллион сом жок болгон.

Атайлап өрттөштү! Ош базарда товары күйгөн соодагерлердин күйүтү жана көз жашы - Sputnik Кыргызстан
Атайлап өрттөштү! "Ош" базарда товары күйгөн соодагерлердин күйүтү жана көз жашы
Бул боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп жатканы менен соодагерлерге базар жетекчилиги да, өкмөт да алгылыктуу жардам бергени байкалбайт. Болгону насыя алгандарга жеңилдик берүү жана аз пайыздык өлчөм менен насыя берүү жагы каралууда. Жалпы жонунан алганда "Ош" базарына 75 адам ээлик кылат.

Базарлардагы улам кайталанган өрттүн келип чыгуусунун нагизги себеби катары атайлап өрттөө версиясы каралууда. Деген менен мамлекеттик соттук-экспертизанын так кесе айтылган тыянагы чыга элек.

ӨКМ билдиргендей, 2018-жылдын үч айында өлкө боюнча 878 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун айынан 15 адам жабыркап, 28и каза болгон. Ал эми 43 адамдын өмүрү жана 292 миллион сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0