00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Автобекеттен куулуп транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры

Жазылуу
Кечээ, 18-декабрда, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңишбек Ногойбаев дайындалды. Ал ушул жылдын февраль айынан бери министрдин орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин "Кыргыз автобекети" ишканасын жетектеген.

Ногойбаевдин Транспорт жана жолдор министрлигинин сайтына жарыяланган өмүр баянында жазылгандай, 2013-2017-жылдары "Бишкек автовокзалы" ишканасын жетектеген. 2017-жылы ал ишкана "Кыргыз автобекети" болуп негизделет да кайра эле Ногойбаев директор болгону көрсөтүлгөн.

Бирок иш жүзүндө андай эмес, тагыраагы, Жеңишбек Ногойбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында бир-эки жолу сөгүш алып, одоно кемчиликтери үчүн 2015-жылдын июль айында эле иштен алынган. Анын ордуна Ырысбек Бариев келип 2017-жылдын август айына чейин автобекетти башкарган. Мындан улам Ногойбаев өмүр баянына иштебеген жылдарын да "иштедим" деп көрсөтүп койгонбу деген суроо жаралат.

Буга жооп алуу үчүн аткаминердин иш бөлмөсүнө бардык. Ал башында сайтка жарыяланган өмүр баянындагы жазылгандардын бардыгы туура экенин белгиледи. Андан соң биздеги маалыматтарды укканда төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Ортосунда үзгүлтүктөр болгон да. Бирок 2015-жылы да, 2017-жылы да автобекетте иштегем. Жылдык мөөнөттөрүн жаздым, бирок айларын жазган эмесмин. Макул, мындан ары эми сиздин сунушуңуз менен ортодо канча убакыт иштебегенимди көрсөтүп жүрөйүн. Мен жөн эле… өмүр баянды кыска жазыш керек да. Биринчиден кагаз кетет, убакыт кетет…" — деп түшүндүрмө берди Ногойбаев.

Пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү жайдары сүрөттөр! Пара менен кармалган Жусубалиев тууралуу 6 факты
Ошондой эле ал "Бишкек автовокзал" ишканасынын директорлугунан кетиши туура эмес болгон деп эсептеп жүрөт.

"Коллегиянын чечими, ошондогу берилген сөгүштөр менен макул эмесмин. Бирок саясий кызматта болгондон кийин мыйзамсыз жумуштан алындым деп сотко бергенге да акым жок. Андан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратынын сырткы байланыштар бөлүмүндө иштедим", — деди аткаминер.

Ал эми ошол кездеги транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев Ногойбаевди автобекетти иштете албай койгондуктан жумуштан бошотконун айтат.

"Автобекеттин кебетесин көргөнсүңөр да. Сырттан келгендерди ортомчулар колдон жетелеп, унаалар башаламан токтогондо МАИ кызматкерлери көзөмөл жагынан жардам бере баштаган. Бирок ошондо да иштете албай койду. Вокзалдын экинчи кабатын кичи футбол аянтча кылып коюптур. Арак саткан дүкөндөрдү толтуруп салган. Тегерегин эч эле иретке келтире албай койду. Арыздар аябай көп түшүп турган. Ошонун айынан иштен алып, анын ордуна Ырысбек Бариев деген жигитти койгом. Ногойбаев кадр бөлүмү менен сүйлөшүп өмүр баянын өзгөртүп алган окшойт", — деди Малабаев.

Ногойбаев кеткенден кийин автобекетти эки жыл жетектеген Ырысбек Бариев менен да байланыштык. Ал күтүүсүз жерден эле башка кызматка которулганын айтты.

Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан
Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо
"2017-жылы министр Жамшитбек Калилов чакырып башка жумуш сунуштады. Жетекчибиз айтып жатса, макул болдум. Ошентип Сокулук районуна караган №1 Жол тейлөө башкармалыгына жетекчи кылып которду. Эми автобекетте кандай иштегенимди менден эмес, ошол жактагылардан сурасаңар айтып берет", — деди ал.

Бариев 2013-жылы Ногойбаев келгенге чейин да бир жыл автобекетти башкарган. Ошондо экөө тең эки жолу директор болгон. Учурда "Кыргыз автобекетин" Максат Жумабаев жетектөөдө.

Белгилей кетсек, мурдагы министр Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен. Ага анын орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышы себеп болгон. УКМКнын маалыматы боюнча аткаминер ага чейин 120 миң долларын алып, кийинчерээк дагы 350 миң доллар алмакчы болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп алып зекип, премьер-министрге аны кызматтан кетирүүнү тапшырган

Жаңылыктар түрмөгү
0