Сөөктүн рагы дешкен. Испаниянын футбол клубунда ойногон Айдананын ийгилиги

Жазылуу
Айдана Оторбаева 23 жашта. Ал Кыргызстандын футбол боюнча спорт чебери, бир нече жолу өлкө чемпиону болгон.

Оторбаева учурда Испаниянын Madrid CFF клубуна өттү.

"Испан клубу үчүн бир нече беттеш өткөрдүм. Клуб жогорку лигада, мен экинчи лигада ойнойм. Августтан тарта атайын программа менен машыга баштадым", — деди спортчу.

Айдана бир жылдын ичинде Испаниянын кыз-келиндер лигасынын жогорку лигасына өтүүгө аракет кыларын билдирди.

Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым
"2015-жылы катуу ооруп калганымды башкалар көп деле билбейт. Чынында бүгүнкү күнгө чейин кандай дартка чалдыкканымды өзүм да билбейм. Көп жолу анализ тапшырып, медициналык кароодон өттүм. Артриттен сөөктүн рагына чейин түрдүү божомолдор айтылды. Бутум кыймылдабай, катуу шишип кеткен. Дарыгерден "футбол ойной аламбы" десем "жок" деп жооп берди. Өзүмчө "Кудай, ушул кантип болсун" дедим. Мен үчүн футбол үй-бүлөмдөн кийинки эле орунда да", — деди ал.

Футболчу кыз ага жабышкан дартты жеңүүдө спорт жардам берди деп ишенет. Быйыл Айдана Оторбаева Испаниянын кыз-келиндер клубу менен келишим түзүп, Madrid CFF клубунда ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0