16:52 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Видео

Милиция Караколдогу массалык мушташка катышкандарды кармады. Видео

Кыскача шилтеме алуу
170610
© Видео / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области

Тартип сактоочулар Ысык-Көлдөгү массалык мушташка катышкандарды кармап, ал эми урушкандар эмне окуя болгонун айтып беришти

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмү массалык мушташка катышкандарды кармап, аларга административдик протокол түзүлдү. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта 2018-жылдын 5-январында Карасаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жапырт мушташуу болгондугу камерага түшүп калып, андан соң интернетке тарап кеткен.

Видеого бир нече адам мушташып кетип, андан соң жабырланган тарапка жардамдашкандар келип, беркилерге "жооп бергени" түшүп калган.

Облустук милициядан мушташ прокатка шаймандарды берген жай менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда болгондугун билдиришти. Иликтөө иштеринде милиция мушташтын катышуучуларын кармаган. Алар окуя чындыгында кандай болгондугун айтып беришкен.

"5-январь күнү эртең менен прокатка лыжа алдык. Биз бир топ болчубуз. Тааныштарымдын бири лыжанын таягын сындырып алды. Кечинде аталган жайдын кызматкерлери же таякты кайтарып берүүнү же акчасын төлөөнү талап кылышканда, чыр чыгып кетти. Анан бир таяк үчүн мушташпоону чечип, аягында жарашып алдык. Бири-бирибизден кечирим сурадык. Ал эми биз келтирген чыгымды төлөп бердик", — деди мушташкандардын бири.

Ал жерде болгон дагы бир киши аталган жайдын кызматкери видео интернетке кокусунан тарап кеткенин айтты. Алгач аны досторунун интернеттеги тобуна жиберип, кийин алар социалдык тармактагы топторго бөлүшүп жибергендигин айтты.

Облустук милициядан сот чатакты чыгаргандарга карата чара көрөрүн билдирди.

Тема боюнча

Караколдогу массалык мушташ. Видеону милиция иликтеп жатат
Милиция Караколдогу массалык мушташтын себебин айтты
Белгилер:
лыжа, мушташ, Каракол
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ