БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Белгисиз балдардын тобу Токмоктогу Бурана музей комплексинин аймагынан үч баланы сабап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Жабыр тарткан бир баланын башы жарылгандыгы айтылды.
"Окуя 26-декабрга караган түнү болгон. Алдын ала маалымат боюнча балдардын тобу үч баланы сабап, алардын бирөө оор абалда", — деп милициядан маалымдашты.
Чүй облустук жана Чүй райондук милициянын кызматкерлери мушташка катышы бар шектүүлөрдү издеп жатат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.