Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринде кожоюндар менен белгисиз адамдардын ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Окуя көзөмөл камерасына тартылып калган.
Анда көрүнүп тургандай белгисиз адамдар имаратка кирип келип, бир нерсени талап кылат. Көп өтпөй кожоюндар менен "коноктор" мушташа кетишет.
Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталганын Ысык-Көл ОИИББдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.
"Окуя 5-январда болгону белгилүү. Бирок бул факты боюнча арыз менен кайрылгандар боло элек. Лыжаларды ижарага берген ал дүкөндүн кожоюндарын, мушташтын күбөлөрүн суракка алуу максатында милиция кызматкерлери чыгып кетишти", — деди Усубакунов.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголо элек.