"Аламүдүн" базарындагы мечиттен сумка уурдады делген киши видеого түшүп калган

Жазылуу
Окуя 10-январда чак түштө болгон

Бишкек шаарындагы "Аламүдүн" базарындагы мечиттен Улан аттуу жаран сумкасын уурдатты. Бул тууралуу жабырлануучунун агасы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 10-январда түштө болгон.

"Иним "Дордойдо" иштейт. "Аламүдүндөгү" кардарларына келген. Бешим намазына туш келип калгандыктан, аны окуу үчүн мечитке кириптир, жамааттын артына туруп ибадатын кылып, чыгып баратканда сумкасын таппай калыптыр", — деди ал.

Сумканын ичинде документтер, 30 миң сомдон ашык акча, ишинин жана үйүнүн ачкычы болгонун кошумчалады.

Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үйгө кирип барып тургундарды коркутуп карактап кетишти
Видеодо байпагын оңдомуш болуп эңкейген киши жерде турган кийимдердин чөнтөгүн аңтарып жатканын көрүүгө болот. Андан соң сыртка чыгып баратып оң тарапты көздөй басат. Ал жактан эмнени алганы даана көрүнбөйт.

"Видеого сумканы алып жаткан жери түшпөй калыптыр, бирок сыртка чыгып баратканда курткасына сумканы катып алган сыяктуу. Андан башка шектүү киши жок болуп жатат. Анткени сыртка чыгып баратканда дагы курткасын үстүнө кийбей, колуна кармап алганы видеодо даана көрүнөт", — деди ал.

Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0