Жаалданган буйвол арстанды мүйүзү менен челип ыргытты. Видео

Жазылуу
Түштүк Африка Республикасынын Крюгер Улуттук паркына баргандар өзгөчө окуяны видеого тартып алышты. Алар уктап жаткан арстанды челип ыргыткан буйволдун аракетине күбө болушкан.

Индияда баткакка баткан пилди айыл эли баарылап араң алып чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Индияда баткакка баткан пилди айыл эли баарылап араң алып чыкты. Видео
Видео Kruger Sightings коругунун YouTubе-каналына жарыяланган. Туристтер өзгөчө окуяны машина менен парктан өтүп баратканда тартып алышкан. Анда бадалдын түбүндө уктап жаткан арстанды буйвол мүйүзү менен бир нече жолу челип ыргытканын көрүүгө болот.

Арстан качууга аракет кылып, бирок үлгүрбөй калган.

Күбөлөрдүн айтымында, жалгыз арстан үйүрдөн кубаланган болушу мүмкүн. Анткени видеодон анын арык жана шайы жок экени байкалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0