00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектин "Ала-Тоосун" көрүп таң калган памирлик кыргыздардын видеосу

Жазылуу
Нарындагы Памир кыргыздары Бишкекти биринчи жолу көрүп, кубанычтары койнуна батпай турган чактары. Алар Кыргызстан элдери ассамблеясынын алдындагы Этникалык кыргыздардын ассоциациясынын чакыруусу менен келишип, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган илимий конференцияга катышышты.

Жизнь и быт памирских кыргызов в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Техниканы үйрөнүп, салт менен таанышып... Памир кыргыздарынын Нарындагы жашоосу
Боордоштор бүгүн 16-декабрь күнү ассамблея өкүлдөрүнүн коштоосу менен шаар кыдырып, башкы балатыны көрүп, базардан өздөрүнө керектүү буюмдарын алышты. Алардын шаардагы экскурсиясын Sputnik Кыргызстан агенттиги видеотасмага түшүрдү.

Абдылкапар Абдырасул уулуна Бишкек өзгөчө жагыптыр. "Шаар тынч, жашоо бейкапар экен" деген боордош борбор калааны бейиштин төрүнө салыштырды.

"Кабул шаарына барганбыз. Ал жак менен салыштырсак Бишкек кооз, таза экен. Эч ким тийишпей, бейкапар эле жүрөбүз. Эл меймандос экен. Баары биз менен жылуу учурашып, ал-абалыбызды сурап, сүрөткө түшүп жатышат. Соода борборлорду, базарларды кыдырып өзүбүзгө керектүү майда-чүйдө буюмдарды алып алдык", — деди Абдырасул уулу.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы балатыны да боордоштор биринчи жолу көрүп, суктанып, кубанып жатышты.

Памирские кыргызы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздар Бишкек менен балатыны биринчи жолу көрүштү
"Буга чейин деле балаты көрүп, Жаңы жыл өткөргөн эмеспиз. Бул жактан элдин баары майрамга даярданып жатышканын көрүп биз да кызыгып калдык. Оймо-чиймеси бар күмүш сөйкө, шакек сатып алдык. Бирок бул жакта азем буюмдардын баасы бир аз кымбат экен", — деди Кимия.

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдындагы Этникалык кыргыздардын ассоциациясынын жетекчиси Музафар Абдуллаевдин айтымында, шаарды көргөнгө Нарындагы Памир кыргыздарынын баары келген эмес.

"Биз памир кыргыздарын Бишкекке чакыралы деп көптөн бери ойлонуп жүргөнбүз. 15-декабрда келип, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата филармонияда өткөн илимий конференцияга катышышты. Андан кийин атайын уюштурулган концертти көрүштү. Бүгүн борбор калаа менен тааныштыруу үчүн экскурсияга алып чыгып ЦУМ, Ош базар сыяктуу көп жерлерди көрсөттүк. Эми түштөнүүдөн кийин кайра Нарынга сапар алышат", — деди Абдуллаев.

Нарында жакшы жашап, балдары окуп жатканын айткан боордоштор өкмөткө, элге ыраазычылыгын билдиришти.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айылында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0