04:37 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Видео

Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент

Кыскача шилтеме алуу
295820
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бишкектин көчөсүндө көзү азиз адам бара жатып, алдынан чыккандардан акча майдалап берүүсүн суранат. Бирок өзү ойлогон купюрадан чоңураак акчаны сунат.

Мындай кырдаалда шаар тургундары кандай мамиле кыларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билип көрдү.

Эл аралык азиздер күнүнө арнап өткөрүлгөн бул социалдык эспериментке катышкан 10 адамдын бардыгы тең абийирдүү жана чынчыл болуп чыкты.

Акчаны майдалап бере албагандар дагы көзү көрбөгөн адамдын колунда өзү ойлоп жаткандан көбүрөөк акча бар экенин ачык айтып жатышты.

Мындан ташкары, көпчүлүк кишилер майыптын алдында турган арык, тепкич сыяктуу тоскоолдуктарды айтып, жол көрсөтүп берүүгө аракет кылышты.

Тема боюнча

Соцэксперимент: ооруканага жете албай жаткан кызды таксисттер бекер алып барабы?
Абийир жана баалуу телефон — соцэксперимент шаар тургундарынын ыйманын текшерди
Белгилер:
социалдык эксперимент, азиз, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ