Ысык-Көлгө кыш келдиби? Мөндүрдөн кийинки көл жээгиндеги көрүнүштүн видеосу

Жазылуу
Жай мезгили бүтөрүнө дагы эки жума бар. Бирок Ысык-Көлгө мөндүр жаап, айрым пляждар аппак болуп калды.

Ысык-Көлдүн пляждарынын бирине мөндүр жааганын WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.

Видеону тарткан адам мындай аба ырайы 12-августта болгонун, бирок кайсы пансионаттын пляжы экенин так айткан эмес.

"Бул жакка кар жааганына эч ким ишенбейт. Ысык-Көлдө чындап эле кыш", — деген күбө.

Последствия ливневых дождей в Ысык-Ате - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусундагы көлдүн суусу жээктен чыгып, сарай менен жолду каптады
WhatsApp-каналдын айрым колдонуучулары видео Кара-Ой айылындагы "Алтын Жай (мурдагы Өзбекстандын улуттук банкы) пансионатынын пляжында тартылышы мүмкүн экендигин жазышкан.

Дагы бир окурман мөндүр Чолпон-Атада эки сааттын ичинде эле үч жолу жаап кеткенин айткан.

Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы 12-августта Кыргызстандын бир катар аймактарында аба ырайы муздап, Ысык-Көл облусунда мөндүр жааганын кабарлады. Бирок Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунда күндүз +20…+25 градус ысык.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0