ЖК депутаты Аида Салянованын кылмыш иши соңку ирет, 10-октябрда Ленин райондук сотунда каралды.
2016-жылы декабрь айында Башкы прокуратура депутат Аида Саляновага карата юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.