Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 12-июнь күнү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Кытай лидери менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуулары учурунда бир нече маанилүү документтерге кол коюлмакчы. Мындан тышкары ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышат.