Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.
Жакында айыл чарба министри башка мамлекеттерден мал сатып алып, союп, Кытай, араб өлкөлөрүнө эт экспорттоону сунуштады. Бул мүмкүнбү же жокпу деген суроонун айланасында Sputnik Кыргызстан ой жүгүртүп көрдү.
Айыл чарба министрлиги Россия, Монголия, Казакстан, Беларусь, Украина жана Польшадан арзан мал алып келерин айтууда.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Кыргызстан айыл чарба тармагында транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керектигин айтты.
Аткезчилик менен күрөшүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Министр кээде өз укуктарынан чыгып кетүүгө да аргасыз болгонун билдирүүдө.
Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болуп жаткандыктан, бир катар өлкөлөр кайрадан чек араларын жабуу маселесин кароодо.
Парламенттин жыйынында тирүү малдын сатылышына коюлган чектөөгө бир нече депутат каршылыгын билдирди.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев контрабандалык жол менен чыгып жаткан айыл чарба продукцияларын токтотуу үчүн фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү милдетин министрликке өткөрүп берүү зарыл деген пикирин билдирди.
Депутаттар чет өлкөгө мал сатууга салынган чектөөнү сындап, ага айыл чарба министри жооп берип жаткан.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев кыска жана узак мөөнөттө ишке аша турган пландары бар экенин маалымдады.
Жаңы министр фермерлерди бириктирүү менен алардын күчтүү жана ийгиликтүү болушуна шарт түзүлөрүн белгилейт.
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.
Жаңы министр айыл чарба тармагын санариптештирүүнү жана тамак-ашты кайра иштетүүнү колго ала турганын жарыялады.
Аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Токтогазиев болгону 30 жашта.
Токтогазиевдин талапкерлиги бул кызматка былтыр дагы көрсөтүлүп, коомчулуктан колдоо тапкан. Бирок анда өкмөт сунушту четке кагып койгон.
Тилек Токтогазиев 30 жашта. Парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен жарышка аттанган.
Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында саясатчылардын тарапташтары кагылышып, Токтогазиев менен Темир Сариевдин жан сакчысы жаракат алган видеолор тараган.
Кадрдан Токтогазиевди колу-бутунан кармап көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот. Ага жардам бергендердин "Тилек, карман" деп жатканы угулат.
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев анын социалдык тармактардагы баракчаларынын бардыгы коркутуп-үркүтүүлөргө толуп калганын билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.
Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.