БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чет өлкөгө тирүү малды чыгарууга тыюу салынганына карабай, күнүнө жүздөп, миңдеп өткөрүп кетишүүдө. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди.
Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда ал мамлекеттик органдардын ишин кайра карап чыгуу керектигин белгилеп, бири-бирин кайталаган кызматтар жана жоопкерчиликтен качкандар көп экенин айтты. Токтогазиев кээде өз укуктарынан чыгып кетүүгө да аргасыз болгонун белгиледи. Тагыраак айтканда, контрабанда менен күрөшүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Контрабанда каякта, Айыл чарба министрлиги каякта жатат? Бирок ал айыл чарбасына түздөн-түз таасир этет. Контрабанда аркылуу бизге зыянкечтер жана оорулар кирип, айыл чарба тармагына катуу сокку урушу ыктымал. Азыр тыюу салынганына карабай сыртка мал чыгарып кетип жатканын байкап жатабыз", — деди Токтогазиев.
"Албетте, бул чек ара эмес. Бирок Бишкектен, Токмоктон жана Сокулуктан сатып алып Сосновка посту аркылуу түштүк тарапка алып өтүшөт. Анан табышмактуу түрдө жоголуп кетет. Биздеги маалыматтар боюнча, күн сайын жүздөгөн, миңдеген мал чыгарып кетишүүдө", — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, өкмөт малды жана айрым азыктарды чет өлкөгө сатууга алты айлык чектөө киргизген.