Таланттуу эмес, эмгекчилмин! 22 жаштагы Акжол Махмудов тууралуу 11 факт

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чалянды менен мелдеште
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чалянды менен мелдеште - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты. 3-август күнү спортчу алтын медаль үчүн күрөшөт.

Акжолдун финалга өтүшүнө кыргызстандыктар маңдайы жарыла сүйүнүп, эмоциясын социалдык тармак аркылуу бөлүшүп бүтө албай жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги балбан тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

22 жашта. Акжол Махмудов 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетин аяктаган.

Таянаар тоосу — үй-бүлөсү. Атасы Мухаммед (өз аты Махамаджан — ред.) беш баланы эрезеге жеткирген. Буга чейин атасы базарда соода-сатык менен алектенерин айтып берген. Акжолдун эки агасы, Бексултан менен Сыймык дагы грек-рим күрөшү менен машыгат. Бексултан аттуу агасы дүйнө чемпионатында коло медаль алган. Зульфия жана Бегимай аттуу карындаштары бар. Балбан апасы тууралуу кеп кылганды жактыра бербейт. Буга чейинки маегинде "апам кичүү карындашым төрөлгөндөн бери жок. Бул тууралуу кеп кылгым келбейт" деп айткан.

Бир нече жолу мектеп которгон. Үй-бүлөсү жашоо-шартка байланыштуу Ош менен Бишкектин ортосунда жүргөндүктөн беш ирет мектеп которгон. Балбан окуучу кезинде бейбаш болбогонун айтат. "Сабакты начар окусам да мугалимдердин айткандарын так аткарганга аракет кылчумун" деп эскергени бар.

Кыргызстан балбаны Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео
Спортко атасынын аракети менен келген. Акжолдун спортко болгон жөндөмдүүлүгүн байкаган атасы аны 1-классында эле күрөшкө берген. Спортто машыктыруучулары көп. Алгач айылдаш агасы Айбектин, ал армияга кеткенде Акбаралы деген жигиттин, борборго келгенде Жеңиш Сатыбалдиевдин колунда тарбияланган. Ал ортодо шартка байланыштуу кайрадан Ошко келет. Кыргыз күрөшү боюнча залда устаты жок бир жылдай машыккан. 8-классты бүткөндө Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине өтүп, ошондон бери Мейрамбек Ахметовдун колунда тарбияланып келет. Акжолду бийиктикке жеткирип, спорттогу ашууларга жетелеген дал ушул — Ахметов.

Ийгилик артынан ийгилик. Балбандын тер агызган машыгуулары майнабын бербей койгон жок. Эң ириде ал кадеттер арасында эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында Азиянын чемпиону аталды. Кадеттер арасында дүйнө чемпиондугун жана жаштар арасында күмүш медалды багындырды. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталып, "Эл аралык класстагы спорт чебери" наамын алган.

Көтөрүп чапкан ыкмаларынын сыры. Балбан коомчулукка аз убакытта чоң ийгиликке жетишип, кармаш учурунда суктанткан ыкмаларды көрсөтүү менен таанылды десек болот. Айрымдар балбанды таланттуу деп эсептешет. Деген менен Акжол мындай пикирге кошулбайт. "Машыгууда эл бир ыкманы жасаса, мен ар кандай ыкмаларды ойлоп табам. Күтүлбөгөн чабуулдарды үйрөнүүгө басым жасайм. Маселен, көтөрүп чапкан ыкмаларга көнүш үчүн күнүнө 400-500 жолудан жасайм. Мен таланттуу эмес, эмгекчилмин" деп айтканы бар.

 Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Эртең чыгат! Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы белгилүү болду
Акула каймана атын кантип алган? Махмудов мурда россиялык балбан Аслан Зубаировдун спорттогу жолуна абдан кызыкчу. Анын да каймана аты "Акула" эле. Акжол кумирин туурап интернет тармагына Акула деп каттала баштаган. Эми аны баары дал ушул каймана аты менен тааныйт. Балбан ар дайым кармаштарына акуланын сүрөтү бар спорттук кийимдерди кийип чыгат.

Эки батирди белекке алган. Махмудов 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утуп алгандан кийин өзү-туулуп өскөн Ош облусундагы жердештери тарабынан Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктарга ээ болгон. Ошондой эле агалары ага автоунаа да белек кылышкан. Балбан буга чейин үй-бүлөсү менен батирди ижарага алып жашап келген.

Бутуна операция жасаткан. 2018-жылы балбан Германиядан тизесине операция жасаткан. Бутун ал футбол ойноп жатып кокустатып алган. 11 айлык тыныгуудан кийин спортко кайрадан кайтып, турнирлерге катыша баштаган.

Бильярдчы балбан. Спортулардын да хоббиси болот. Бири ырдаганды, экинчиси бийлегенди жактырат. Акжол дээрлик чыгармачылыкка жок. Бирок бильярдды катырат. Жумасына үч жолудан бильярд клубуна барганды адатка айланткан. Ошондой эле тенниске да кызыгарын айткан.

Бирде жигит төө минет... Токиодогу Олимпиадада финалга чыккандан кийин социалдык тармакта Акжол Махмудовдун алгачкы видеосу пайда болгон. 

Анда спортчу: "Кыргыз элим, ушул жеңишим сиздерге арналат. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти, тегерете эл жүрөт. Жөө жүргөндө жигитти, жөн жүрбөйт го мобу деп, жөөлөп түртүп эл күлөт. Өз максатында жетпей утулуп калган жигиттерди сындабагыла. Бул – спорт", – деди.

Жаңылыктар түрмөгү
0