00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты таза суу менен камсыз кылуу: азыркы абал жана аны чечүү жолдору
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
От первых миссий ООН до безъядерной зоны: старт кыргызской дипломатии
12:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как работает память и что делать, чтобы её не потерять- беседа с неврологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Келерки жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди. "Мугалимдердин айлыгын көтөрөлү деп чечтик. Учурда алардын орточо айлыгы 26 миң сом. Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тарта 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Айлык мугалимдердин билим деңгээлине, педагогикалык иш тажрыйбасына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмдөрүнө жараша аныкталат. Ал эми шаар жеринде жаш мугалимдин эмгек акысы 36 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна 31 миң сомдун тегерегинде алат. Тоолуу аймактарда, райондордо 30 жылдык эмгек тажрыйбасы бар математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сомду түзсө, 1-апрелден тарта 97 600 сомго жетет", – деп белгиледи Садыр Жапаров. Ошондой эле президент 1-апрелден тарта дарыгерлердин орточо айлыгы 31,5 миң сомдон 62,5 миң сомго чейин көтөрүлөрүн айтты. Мындан тышкары, маданият кызматкерлери менен машыктыруучулардын да маянасы жогорулайт.
Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды Исаматова 42 жашта, жогорку билимдүү. Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. 10 жыл бою БГУнун алдындагы Конфуций институтун жетектеп келген. Эске салсак, буга чейин министр Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан бошотулган. Исаматова анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган эле. Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгы менен Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ал 46 жашта, буга чейин УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилердин бири болгон жана ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеген.
2026-жылы Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгү IT тармагы боюнча долбоорлорду өнүктүрүү иштерине арбын көңүл бурууга ниет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов айтты. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты. Самановдун айтымында, Кыргызстанда IT-инфраструктура мамлекеттик жана бизнес деңгээлинде жакшы өнүгүп бара жатат. Соода өкүлчүлүктүн курамында тармактык адис — санарип боюнча атташе иштейт. Ал Кыргызстандын Санариптик өнүгүү министрлиги менен тыгыз байланышта жана Бишкек мэриясынын тиешелүү бөлүмү менен өз ара иштешүүдө түрдүү долбоорлорду талкуулап, кызматташып жатат. Ал санариптик кызматтарды интеграциялоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, Ж.Р.М. атайын кызматтагылар менен байланышы бар экенин айтып, текшерүүлөрдөн калкалай турганын убадалаган. Анысы үчүн жеке ишкананын жетекчисинен 390 миң доллар алганы айтылды. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0