https://sputnik.kg/20251225/1098842975.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын делегаттарына кайрылып, трибунага чыкканда сөзүн бийликти мактагандан баштабай, ток этер жерин айтууга чакырды... 25.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-25T19:00+0600
2025-12-25T19:00+0600
2025-12-25T19:26+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/19/1098842809_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9021becc5191d9ce32604d93efa4b569.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын делегаттарына кайрылып, трибунага чыкканда сөзүн бийликти мактагандан баштабай, ток этер жерин айтууга чакырды. "Бийликти мактабагыла, биз ага муктаж эмеспиз. Эгерде мактасаңар оппозиция менен НПОлорго дагы кудай берет. Мына, "дүжүрлөрдү" чогултуп алыптыр, атайын мактатты дешет. Андайга "повод" бербегиле", — деген президент. Ал жер-жерлердеги элдин залда отургандарды маселени айткыла деп шайлагандыгын эске салды. Ошондой эле ал курултайда айтылган сын-пикир үчүн куугунтук болбой турганын белгилеген.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын бөлүгүнүн жаңы имаратын ачып, спорт комплексинин курулушун баштап берди. Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, аймактык бөлүмдөрдүн башчылары жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.Ташиев атайын бөлүктүн кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн, кайраттуулугун жана патриоттуулугун белгилеп, алардын өлкө коопсуздугун камсыздоодогу ролу чоң экенин билдирди. Иш-чаранын алкагында "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн курула турган спорттук комплекстин пайдубалына капсула салынды.
Бишкекте 6 миллиондон ашык акча каражатын алдамчылык менен ээлеп алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.Маалыматка ылайык, 36 жаштагы М.А. аттуу жаран өзүн банк жана уюлдук компаниялардын кызматкери катары тааныштырып, "акча каражаттары уурдалышы мүмкүн", "насыя алынып жатат" деген түрдүү шылтоо менен Л.И. аттуу жарандын 6 миллион 500 миң сомун ээлеп алган. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
The Telegraph гезитинин окурмандары Владимир Зеленскийдин рождестволук кайрылуусунда кимдир бирөөгө өлүм каалаган билдирүүсүн кызуу талкуулап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бул рождестволук кайрылуу үчүн таң калычтуу билдирүү. Анын Нагор насаатын окубаганы даана көрүнүп турат", — деп жазган Жон Конор аттуу окурман. Ал эми Rep Trust деген ысым менен катталган адам "алсыз, жеңилген жана ачууланган лидердин сөзү болду" деп сыпаттаган. Мындай ойду ичте сактоо туура болмоктугун айткандар да болду. "Эки жүздүү кылмышкер", — деп жазды Стюарт Уилиамс. Буга чейин Зеленский рождестволук куттуктоосунда кимдир бирөөнүн "жок болушун" (же "өлүп калышын") каалап, бул майрамда бардык украиналыктардын каалоосу ушул болорун белгилеген. Ал сөзү кимге арналганын ачыктаган эмес. /// Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 6 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр 0...-5 градусту көрсөтөт. Күндүн табы борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болот.
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын делегаттарына кайрылып, трибунага чыкканда сөзүн бийликти мактагандан баштабай, ток этер жерин айтууга чакырды. "Бийликти мактабагыла, биз ага муктаж эмеспиз. Эгерде мактасаңар оппозиция менен НПОлорго дагы кудай берет. Мына, "дүжүрлөрдү" чогултуп алыптыр, атайын мактатты дешет. Андайга "повод" бербегиле", — деген президент. Ал жер-жерлердеги элдин залда отургандарды маселени айткыла деп шайлагандыгын эске салды. Ошондой эле ал курултайда айтылган сын-пикир үчүн куугунтук болбой турганын белгилеген.УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын бөлүгүнүн жаңы имаратын ачып, спорт комплексинин курулушун баштап берди. Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, аймактык бөлүмдөрдүн башчылары жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.Ташиев атайын бөлүктүн кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн, кайраттуулугун жана патриоттуулугун белгилеп, алардын өлкө коопсуздугун камсыздоодогу ролу чоң экенин билдирди. Иш-чаранын алкагында "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн курула турган спорттук комплекстин пайдубалына капсула салынды. Бишкекте 6 миллиондон ашык акча каражатын алдамчылык менен ээлеп алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.Маалыматка ылайык, 36 жаштагы М.А. аттуу жаран өзүн банк жана уюлдук компаниялардын кызматкери катары тааныштырып, "акча каражаттары уурдалышы мүмкүн", "насыя алынып жатат" деген түрдүү шылтоо менен Л.И. аттуу жарандын 6 миллион 500 миң сомун ээлеп алган. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.The Telegraph гезитинин окурмандары Владимир Зеленскийдин рождестволук кайрылуусунда кимдир бирөөгө өлүм каалаган билдирүүсүн кызуу талкуулап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бул рождестволук кайрылуу үчүн таң калычтуу билдирүү. Анын Нагор насаатын окубаганы даана көрүнүп турат", — деп жазган Жон Конор аттуу окурман. Ал эми Rep Trust деген ысым менен катталган адам "алсыз, жеңилген жана ачууланган лидердин сөзү болду" деп сыпаттаган. Мындай ойду ичте сактоо туура болмоктугун айткандар да болду. "Эки жүздүү кылмышкер", — деп жазды Стюарт Уилиамс. Буга чейин Зеленский рождестволук куттуктоосунда кимдир бирөөнүн "жок болушун" (же "өлүп калышын") каалап, бул майрамда бардык украиналыктардын каалоосу ушул болорун белгилеген. Ал сөзү кимге арналганын ачыктаган эмес. /// Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 6 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр 0...-5 градусту көрсөтөт. Күндүн табы борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/19/1098842809_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bc83571b132261a5fab0f6363c8ea111.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио