00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
17:08
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
От Победы до Нюрнберга: уроки истории, которые нельзя забывать
18:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
2026-жылы Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку лигасында 16 команда ойнойт
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жерге кам көрүп, түшүмдү мол ал — жер семирткичти кайсы убакта берген дурус?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Орган алмаштырууда жакын тууганы гана донор боло алат деген мыйзам өзгөрүшү мүмкүнКыргызстанда катализатору жок машиналарды алып-сатууга тыюу салуу пландалуудаПрезидент шайлоого барууну милдеттендирүүчү мыйзам кереги жоктугун билдирди. Алдыда кененирээкЭл шайлоого катышууда аябай пассивдүү, добуш берүүнү милдеттендирген мыйзам зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда айтты. Өлкө башчы 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого элдин 63 пайызы барбай койгонун белгилеген. "Эл шайлоого катышууда аябай пассивдүүбүз, анан депутаттарды "чимкириктер" дейбиз. Добушун саткандар активдүү катышат экен. Добушун сатпагандар шайлоого барбай коет экен. 63% эл келбей койду. Балким, шайлоого милдеттүү баруу керек деген мыйзамды кабыл аларбыз", — деди президент. Жапаров делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып, шайлоодо бир талапкерге миң үгүтчү болбосун деген сунушту колдой турганын айтты. Ал депутаттардан үгүтчүлөрдүн санын 300 же 500гө түшүрүп коюуну суранарын белгилеген. Президент 300 миң сомдук күрөөнү да байкап көрөрүн, аны 100 миң сомго түшүрүп койсо болорун кошумчалады.
Кыргызстанда катализатору жок машиналарды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу билдирди. Ал Sputnik агенттигиндеги ыш менен күрөшүү боюнча брифингге катышып, демилгени Экономика министрлиги көтөргөнүн айтты. "Мындай чара экологияны жакшыртууга багытталган. Ар бир үй-бүлөдө бирден-экиден машина бар. Эгер жеке жактардын техникалык кароосу милдеттүү болгондо, транспорт каражаттарын текшерүүгө мүмкүн болмок. Демилге жакынкы арада коомдук талкууга коюлушу керек", — деди Ташыбек уулу. Катализаторлор зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керек, бирок алардын курамында баалуу металлдар бар болгондуктан чечип алып, сатып жиберген учурлар арбын.
Ушул жылдын үчүнчү кварталында 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы эки бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынган. "Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул иш-чара ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Орган алмаштырууда жакын тууганы гана донор боло алат деген мыйзам өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда айтты. Өлкө башчынын сөзү боюнча, соңку эки жылда өлкөдө 37 эле адам бөйрөгүн алмаштырган. Калгандарына донор жетишсиз. "Органды жакын тууганы гана берсе болот деген мыйзам бар. Саламаттык сактоо министрилигинен аны таяке-жээндер менен кеңейтсекпи деген сунуш түштү. Элге талкууга чыгарып, депутаттар менен кеңешип кабыл алса болот", — деди өлкө башчы. Эскерте кетсек, IV Элдик курултай кечээ, 25-декабрда, башталган. Ага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардан турган 690 делегат катышууда. Алардын басымдуу бөлүгү педагогдор (160) менен юристтер (163) экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0