00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:55
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где в Бишкеке спасают животных и почему центру «Зоо Бишкек» нужна поддержка
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жүрүп жаткан ири курулуштарга каражат кайдан алынып жатканын IV Элдик курултайдын катышуучуларына айтып берди. Өлкө башчы дотацияда отурган бир канча ишканалар кирешеге чыкканын белгиледи. "Ири курулуштарга эбегейсиз чоң каражат сарпталып жатканы баарыбызга белгилүү. Мынча акча кайдан келүүдө деген суроолор көп болууда. Мен бир эле тармак боюнча кыскача маалымат бере кетейин. Кумтөр кенинен быйылкы эле жылы 678 миллион доллар таза киреше көрдүк. Ал эми соңку үч жылда 2 миллиард доллар таза киреше түштү", — деди Жапаров. Ал ошондой эле 2020-жылга чейин киреше бербеген "Кыргыз алтын" быйыл 200 миллион доллар тапты. "Мурда 300 миллион сомго чейин дотацияда отурган Макмал алтын кени быйыл 670 миллион сом таза киреше берди. "Кыргыз алтындын" былтыр ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды. Каражат кайдан түшүүдө деген суроолордун жообу ушул тармактарда жатат", — деди президент. Жапаров 2024-жылы калктын жан башына карата ички дүң продукциянын көлөмү 2513 долларга жетип, жумушсуздук 3,7 пайызга чейин төмөндөгөнүн кошумчалады.
Чүй облусунда алгачкы күн электр станциясынын ачылышы болду. Долбоор кытай инвесторунун катышуусу менен ишке ашып, жалпы 56 миллион доллар салынган. Бул Токмок шаары менен Кемин районун электр энергиясы менен камсыздоого жетиштүү. Жапаров өндүрүштүн ачылышында жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисине токтолду. Ал министрлер кабинети менен инвесторлордун ортосунда жалпы кубаттуулугу 5 гигаваттка жеткен күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча 12 макулдашууга кол коюлганын белгиледи.
"Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы 15-16-17-январь күндөрү ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге фрирайд боюнча эл аралык турнир өткөрөт. Аталган компаниянын маалыматына караганда, 15-январь күнү Каракол лыжа базасында катышуучулар үчүн даярдык машыгуулары жана коопсуздук боюнча окутуулар өтөт. Негизги мелдеш 16-январда "Ала-Тоо Резорт" курорту курулуп жаткан аймакта болот. "Турнирге кыргызстандык спортчулар менен катар 20га жакын өлкөдөн келген лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрү катышат. Алар үйрөнчүктөр, кесипкөй спортчулар жана аялдар категорияларында күч сынашат", — деп айтылат маалыматта. Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары таанытуу, экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү.
Украинанын калкынын 90 пайыздан ашыгы өлкөдөгү коррупциянын көрсөткүчүн жогору деп баалашууда. Ал эми дээрлик 40%ы Владимир Зеленскийди өзүнүн айланасындагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп эсептешет. Бул тууралуу РИА новости Украинанын SOCIS изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоого таянып жазды. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, респонденттердин 54,8%ы Украинадагы коррупциянын көрсөткүчүн өтө жогору, 36,4%ы – жогору, 6,6%ы – орточо, 0,8%ы төмөн деп баалашкан. Жалпысынан эки миң респондент сурамжылоого катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0