Атактуу кикбоксчу Алексей Федосеев Хабибдин EFC уюмунун мелдешине чыгат

© предоставлено Алексеем ФедосеевымКыргызстандык мушкер Алексей Федосеев. Архив
Кыргызстандык мушкер Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
31 жаштагы кыргызстандык мушкер ушуну менен ММА спортунда экинчи беттешине чыгат. Ал биринчи таймашына 2019-жылы чыгып, жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун EAGLE FC лигасынын Чолпон-Атада өтүүчү мелдешинде кыргызстандык мушкер Алексей Федосеев беттешке чыгат. Спортчунун атаандашы менен постерин аталган уюм социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EAGLE FIGHTING CHAMPIONSHIP (@eaglefcmma)

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Федосеев ММА спортундагы экинчи беттешинде казакстандык Досбол Елеген менен кез келет. 

Кыргыз мушкери муштум менен урушкан Hardcore FC мелдешинде чейрек финалга чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Кыргыз мушкери муштум менен урушкан Hardcore FC мелдешинде чейрек финалга чыкты
Кыргызстандык мушкер аралаш мушташ спортуна 2019-жылы өтүп, Кореядагы мелдеште жергиликтүү атлет Жи Вон Кону калыстардын чечими менен уткан. Ал эми анын атаандашы ММА спортунда жети таймашка чыгып, төртөөсүн уткан. Үч жолу жеңилген.

EAGLE FC лигасынын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. 3-августка белгиленген мелдештин башкы беттешинде уюмдун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен таймашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0