https://sputnik.kg/20210519/arstanbek-bazarkulov-yadro-yrgytuu-paralimpiada-zholdomo-1052541162.html
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды
Sputnik Кыргызстан
Спортчу Швейцарияда өткөн Гран-при мелдешинде коло медаль алган. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусу үчүн жетиштүү болду. 19.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-19T16:17+0600
2021-05-19T16:17+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
арстанбек базаркулов
паралимпиадалык оюндар
лицензия
2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары
токио – 2020 жайкы паралимпиада оюндары
https://sputnik.kg/img/07e5/05/13/1052541224_0:0:1000:563_1920x0_80_0_0_52053681fd55b76a6dd3bc5b4d056b09.jpg
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына лицензия утту. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.Бул Кыргызстандын курама командасы үчүн XVI Паралимпиада оюндарына алгачкы жана азырынча жалгыз лицензия болуп саналат.Спортчу 7-18-май күндөрү Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн Гран-при мелдешинде спорттук снарядды 7,98 метр алыстыкка ыргытып, коло медаль жеңген. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусуна жетиштүү болду.Ал жеңил атлетиканын аталган түрүнөн үч лицензиялык мелдеште көрсөткөн жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарган.Арстанбек Базаркулов 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында (БАЭ) өткөн Гран-при лицензиялык мелдешинде ядро ыргытуу боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде (13-22-март) 4-орунга чыккан болчу.XVI Паралимпиада оюндары Япониянын борбору Токиодо 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин өтөт.Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
https://sputnik.kg/20210426/fekhtovanie-roman-petrov-olimpiada-oyundary-zholdomo-1052265945.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/13/1052541224_0:0:1000:750_1920x0_80_0_0_a770f835abaa6527dbe0e39e59a6fbd7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, арстанбек базаркулов, паралимпиадалык оюндар, лицензия, 2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары, токио – 2020 жайкы паралимпиада оюндары
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, арстанбек базаркулов, паралимпиадалык оюндар, лицензия, 2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары, токио – 2020 жайкы паралимпиада оюндары
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды
16:17 19.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Спортчу Швейцарияда өткөн Гран-при мелдешинде коло медаль алган. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусу үчүн жетиштүү болду.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына лицензия утту. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул Кыргызстандын курама командасы үчүн XVI Паралимпиада оюндарына алгачкы жана азырынча жалгыз лицензия болуп саналат.
Спортчу 7-18-май күндөрү Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн Гран-при мелдешинде спорттук снарядды 7,98 метр алыстыкка ыргытып, коло медаль жеңген. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусуна жетиштүү болду.
Ал жеңил атлетиканын аталган түрүнөн үч лицензиялык мелдеште көрсөткөн жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарган.
Арстанбек Базаркулов 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында (БАЭ) өткөн Гран-при лицензиялык мелдешинде ядро ыргытуу боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде (13-22-март) 4-орунга чыккан болчу.
XVI Паралимпиада оюндары Япониянын борбору Токиодо 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин өтөт.
Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.