Футбол: Кыргызстан-Япония оюнуна билеттер калбай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековОтборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стадиондун трибунасынан орун ала албай калгандар үчүн атайын зона уюштурулат. Оюн 14-ноябрда саат 17:15те башталат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Япониянын футболчуларынын оюнуна билеттердин бардыгы сатылып бүттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Оюн 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт. Эки команданын беттеши 14-ноябрда саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.

"Тилекке каршы, биздин стадионго бардык күйөрмандар батпайт. Буга байланыштуу фан-зона уюштурулат. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз", — дешти федерациядан.

Стадиондун каалгасы оюн башталарына эки саат калганда ачылат. Бишкектин аренасы 18 миңден ашык адамга ылайыкталган.

Япониянын командасы F группасынын лидери. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда.

Япониянын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турса, Кыргызстан 94-сапта.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0