Бир жума да чыдаган жок! Конор Макгрегор октагонго кайтарын жар салды

© AP Photo / Eric JamisonИрландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер бир жума мурда эле карьерасын аяктагандыгын жарыялаган болчу.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор спорттук карьерасына кайтып келерин Twitter аккаунтуна жазды. Ал бир жума мурда эле карьерасын жыйынтыктаганын билдирген болчу.

Бүгүн ал жаңы пост жазып, карьерасын улантарын билдирди.

"Мен фанаттарым менен бирге алдыга жылгым келет. Күйөрмандарымды тутунган динине же жашаган жерине карап бөлбөйм. Бардык ишенимдер бизди мыкты гана кылат. Бул дүйнө баарыбыз үчүн бир. Октагондон көрүшкөнчө", — деди Макгрегор.

Анткен менен ирландиялык мушкер буга чейин Twitter тармагына Нурмагомедовдун жубайын "сүлгү" деп атап, соцтармактын сынына кабылды. Мындан улам ал постун кайра өчүрүп койгон. Ал эми россиялык мушкер Нурмагомедов келинчегине сөз тийгизген Макгрегорго өз жообун берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0