Фергюсон менен Петтистин бүйүр кызыткан беттешинен кызыктуу ирмемдер

© AP Photo / John LocherБой Тони Фергюсона и Энтони Петтисома в Лас-Вегасе
Бой Тони Фергюсона и Энтони Петтисома в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-октябрь күнү Лас-Вегаста убактылуу титулдун жеңил салмактагы ээлери Тони Фергюсон менен экс-чемпион Энтони Петтис сегиз бурчтуктан жолукту.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Алардын кармашы UFC турниринин экинчи негизги беттеши болгон.

​Фергюсон 26 жолу беттеш өткөрүп, үчөөсүндө жеңилип калган. Ал эми Петтис 21 ирет жеңишке жетип, жети жолу утулган. Алардын кармашынын бүйүр кызыткан ирмемдери UFC уюмунун Twitter баракчасына жайгаштырылды.

​Комментаторлор беттеш триллердин элементтери камтылган тасмадай болгонун айтышты.

​Чынында беттеш драмалуу болду, Петтистин колу сынып кетип судья беттешти токтотту.

​Залда отургандар утулуп калган мушкерди сүрөөнгө алды, спортчу болсо жылмайган бойдон чыгып кетти. Ал эми Фергюсон толкунданганынан ыйлап жибергенин көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0