Футбол: Кыргызстан менен Палестина тең чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Палестиналыктар оюндун 39-мүнөтүндө эсепти теңеди.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон жолдоштук беттеште тең чыкты. 

III Всемирные игры кочевников. 5 день. Полуфинал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү боюнча өзбек командасы казак улакчыларын утуп алды!
Оюн бүгүн, 6-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Мирлан Мурзаев кармаштын экинчи мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачса, Одай Дабагг 39-мүнөттө топту дарбазага киргизип эсепти теңеди. Кийинки мүнөттөрдө эки команда тең гол киргизе алган жок. Натыйжада оюн 1:1 менен жыйынтыкталды. 

Кыргызстандык футболчулар 10-сентябрда Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн Бишкекте Сириянын курамасы менен кез келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0