БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон жолдоштук беттеште тең чыкты.
Оюн бүгүн, 6-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Мирлан Мурзаев кармаштын экинчи мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачса, Одай Дабагг 39-мүнөттө топту дарбазага киргизип эсепти теңеди. Кийинки мүнөттөрдө эки команда тең гол киргизе алган жок. Натыйжада оюн 1:1 менен жыйынтыкталды.
Кыргызстандык футболчулар 10-сентябрда Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн Бишкекте Сириянын курамасы менен кез келет.