Кышкы Олимпиаданын ачылышын кыргызстандыктар кайсы каналдардан көрө алат?

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПодготовка к Олимпийским играм 2018 в Пхенчхане
Подготовка к Олимпийским играм 2018 в Пхенчхане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРК лицензиясы жок болгондуктан кышкы Олимпиаданын ачылышын көрсөтпөйт. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандыктар кайсы жактардан көрө аларын тактап көрдү.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-февралда XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш салтанаты болот.

Лыжник Тариэль Жаркымбаев - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадада кыргыз туусун көтөрүп чыкчу Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандыктар маанилүү спорт иш-чаранын ачылышын кайсы жактардан көрө аларын иликтеп көрдү.

Оюндардын расмий ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Илим Карыпбеков Коомдук биринчи канал (КТРК) лицензиясы жок болгондуктан быйыл оюндардын ачылышын көрсөтпөй турганын тастыктады.

"Быйыл, тилекке каршы, биз Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарын көрсөтүүгө лицензия ала алган жокпуз. Лицензия саткан компания 100 миң доллардай сурады", — деди Карыпбеков.

Церемония открытия XXII зимних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан
Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан. Тизме
Ошентсе да кыргызстандыктар оюндун расмий ачылышын түз эфирде Россиянын Биринчи каналынан көрө алышат. Ошондой эле Чүй облусунда тарткан Казакстандын "Хабар" каналынан да көрүүгө болот.

Андан сырткары "Матч ТВ" телеканалы YouTube баракчасынан түз көрсөтөт.

Олимпиадага 95 мамлекеттен 2900 спортчу катышып, күч сынашат. Кыргызстандын намысын тоо лыжачы Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэл Жаркымбаев коргойт.

Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү күч сынаша турганынын расписаниеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0