00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лыжа спорту боюнча машыктыруучу Борисов: Олимпиадага жакшы даярдана албай калдык

Жазылуу
Түштүк Кореяда өтчү XXIII Олимпиада оюндарына Кыргызстандан лыжа чы Евгений Тимофеев жана биатлончу Тариэл Жаркымбаев барат

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиадага катышчу кыргызстандык спортчулар тийиштүү деңгээлде даярдана албай калышты. Бул тууралуу Лыжа спорту боюнча федерациянын машыктыруучусу Игорь Борисов маалымат жыйында билдирди.

"Олимпиадага даярдыгыбыз ойдогудай болбой калды. Анткени, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция бизди колдоого алган жок. Спортчуларды машыктыруу алдын ала пландалып, атайын бекитилген календарь менен ишке ашат. Биздин жайкы жана күзгү машыгууларыбызды үзгүлтүккө учуратышты. Өзүбүз каражат таап машыгып жаттык. Тилеке каршы, дирекция каржылагандын ордуна бизге 400 миң сом карыз болду. Бул мурдагы жетекчи Алмазбек Касеновдун күнөөсү", — деди Борисов.

Олимпиадага катыша турган спортчулардын бири Евгений Тимофеев Олимпиадага алып бара турган спорттук буюм-тайымдары жетишсиз экенин айтат.

Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Олимпиадада Кыргызстан спорттун эки түрү боюнча ат салышат
"Стандарт боюнча спортчунун беш түгөй лыжасы болушу керек. Меники экөө гана", — деди ал.

Ал эми дирекциянын мурдагы жетекчиси Алмазбек Касенов Улуттук олимпиада комитети Эл аралык олимпиада комитети аркылуу катышуучуларга ай сайын 1500 доллардан стипендия берерин айтты. Мындан тышкары, алар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен 25 миң сомдон алып турарын кошумчалады.

"Өз учурунда Жаңы Зеландия, Австрия жана Италия өлкөлөрүнө командировкага барып келүүгө суранышкан. Дирекцияда аларды чет өлкөгө жиберүүгө каражат жок. Дал ошондой эле машыгууларды Кыргызстанда деле өткөрсө болот", — деди Касенов.

XXIII кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын 9-25-февраль күндөрү Кореянын Пхенчхан шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан лыжа спорту боюнча Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэл Жаркымбаев катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0