Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы эл аралык марафондо ат салышат

Жазылуу
Марафондо жеңил атлетчилер 2017 метр, 10 жана 42 чакырым аралыкка жарышат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы эл аралык марафондо күч сынаша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Международный турнир Федерации эртаймаш кулатуу WEF-4 - Sputnik Кыргызстан
WEF Global: кыргыз мушкерлери кыл чайнашат
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 25-августтан 29-августка чейин Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан Виктория Полюдина, Жоодар Көчкөнбаев, Илья Коробицкийлер катышат. Спортчуларды аталган мелдешке катыштыруу үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция 153 сом бөлдү.

Марафондо жеңил атлетчилер 2017 метр, 10 жана 42 чакырым аралыкка жарышат. Жалпы спорттук иш-чарага беш миңден ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0