21:29 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Бразилиялык спортчу Аманда Нуньестин архивдик сүрөтү

Нуньес эмне себептен Шевченко менен беттешүүдөн баш тартканын айтып берди

© AP Photo / John Locher
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)
137510

​Нуньестин айтымында, эң негизги беттештин алдында синусит дарты күч алып кеткен

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бразилиялык спортчу Аманда Нуньес UFC 213 турниринин алкагында кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттешүүдөн баш тартууга эмне себеп болгонун түшүндүрүп берди.

Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июлда Лас-Вегас шаарында болмок. Бирок беттешке саналуу сааттар калганда бразилиялык спортчу ооруканага жаткырылган. 

​Нуньестин айтымында, эң негизги беттештин алдында синусит дарты күч алып кеткен.

"Бардыгы менин пикиримди уккулары келип турат. Мен синусит өнөкөт дарты менен жабыркап, аны менен ар дайым күрөшүп келем, бирок бул сапар майнап чыккан жок. Салмактан түшүү аракетин көрүп жатып кан басымым көтөрүлүп кетти. Мындай жаман абалым менен беттешке чыга алмак эмесмин. Таразага түшкөндөн кийин мени ооруканага алып кетишти. Андан каным гана текшерилип беттешке чыгууга уруксат берилди. Бирок эртеси кайра эле ооруканага түшүп калдым. Дарыгерлер антибиотиктерди жазып беришти. Буга чейин эч качан беттештерден баш тарткан эмесмин. Мени көргөнү келген күйөрмандарымдан кечирим сурайм. Беттеш башка күнгө жылмай болду", — деп Нуньес өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Ал эми UFC турниринин жетекчиси Дейн Уайт MMAJunkie порталына комментарий берип жатып, эки мушкердин беттеши мындан ары уюмдун негизги турнири болбой турганын билдирген.

"Мындай көрүнүш Нуньестин карьерасында биринчи жолу болуп жаткандыктан анын титулун алып койбойбуз. Бирок ошол эле учурда орундалбай калган беттешке маяна төлөбөйбүз. Мындан сырткары, бул титул үчүн беттешти мындан ары уюмдун негизги турнири кылбайм. Менин жеке оюм боюнча Нуньестин беттештен баш тартышына 10 пайыз ден соолуктун абалы жана 90 пайыз психология таасир эткен", — деди UFC башчысы.

Нуньес кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2016-жылы америкалык Ронда Роузду утуп, чемпион аталган.

Тема:
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)

Тема боюнча

Шевченко менен Нуньестин беттеши эми сентябрда болушу мүмкүн
“Мен үчүн аябай өкүнүчтүү!” Шевченко Нуньес менен эмнеге беттешпей калганын айтты
Белгилер:
беттешүү, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ