Кыргызстандык балбандар Польшадагы эл аралык турнирге катышат

Жазылуу
Спорттук мелдешке Кыргызстандын атынан 12 балбан барат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Польшадагы эл аралык турнирде ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Мелдеш дүйнө чемпиону Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналып 7-9-июлда Варшава шаарында өтөт. Анда спортчулар грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.

Спорттук иш-чарага Кыргызстандын атынан 12 балбан катышат. Алардын арасында Каныбек Жолчубеков, Калы Сулайманов, Руслан Царев, Мурат Романов жана Самат Шырдаков бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0