Кыргыз балбандары Азия чемпионатынан дагы эки коло медаль утту. Күрөштүн видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе
Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет Кыргызстандын байге куржунуна сегизинчи медаль келип түштү

БИШКЕК, 17-Июн. — Sputnik. Кыргызстандык Анарбек Сыдыкбеков менен Назира Марсбек кызы Азия чемпионатында өспүрүмдөр арасындагы күрөштөн коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш федерациясынын сайтына жарыяланды.

Назира 55 килограммдык салмак категориясы боюнча чыккан. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште ал Монголиялык спортчу Халиуна Баяраага 7:2 эсеби менен утулуп калган.

Анарбек үчүнчү орун үчүн болгон беттеште 55 килограммдык салмак категориясы боюнча кытайлык спортчу Чих-Сян Ло менен кез келип 10:0 эсеби менен жеңип чыккан.

Бросил через себя и уложил на лопатки — уверенная победа Акжола на ЧА - Sputnik Кыргызстан
Атаандашын көтөрүп чаап айласын кетирген Акжол балбан
Эскерте кетсек, бул медаль Азия биринчилигинде Кыргызстандын куржунундагы сегизинчи байге. Мелдештин биринчи күнү Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарова алтын алса, Жоламан Шаршенбеков, Калидин Асыкеевдер күмүш байгеге жеткен. Ал эми Туран Шаршенбеков менен Роман Ким — коло медалды багындырышкан.

Кытайдын Тайчжун шаарындагы Азия биринчилигине кыргызстандык  21 спортчу эркин, грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда. Таймаш кыздар арасында да өтүп жатат. Чемпионат 18-июнга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0