Кол күрөш боюнча Көлдө өтө турган мелдешке 14 өлкөдөн 400 спортчу келет

© AFP 2023 / DANIEL MIHAILESCUКол күрөш. Архив
Кол күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия биринчилигине ошондой эле майыптар дагы күч сынашат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр, чоңдор жана майыптар арасында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

8-10-июнда боло турчу спорттук иш-чарага 14 өлкөдөн 400дөн ашык киши келсе, Кыргызстандын намысын 87 спортчу коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0