Кыргызстандын футбол боюнча кубогу 17-майда башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч "Абдыш-Ата" — "Наше пиво". Финал Кубка Кыргызстана
Матч Абдыш-Ата — Наше пиво. Финал Кубка Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кубокко катышуу үчүн 20 команда арыз берди.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кубогу 17-майда башталат. Бул тууралуу футбол лигасынын маалымат кызматы билдирди.

Бул күнү командалар алгачкы ирет беттешип, кийинки оюндар 24-майда уланат.

Учурда кубокко катышуу үчүн 20 команда арыз берип, Футбол федерациясы турнирдин таблицасын жарыялады.

Кубоктун финалы 23-сентябрга пландалууда.

Эске сала кетсек, былтыр аталган кубокту "Дордой" командасы утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0