БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Түрк кеңешине кирген өлкөлөрдөгү университеттердин студенттери спорт оюндары боюнча беттешет. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин диреткору Канат Жанузаков билдирди.
Жанузаковдун айтымында, аталган оюндар "Спорт биримдик үчүн" деген ураандын алдында быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
"Бул оюндардын тумары "Кулунтай" болду. Ал эки элдин түшүнүгүнөн келип чыккан, мисалы биздеги кулун түркчө тай болот. Кыргызда эркелетип "кулунтай" деп да коёт. Жаңы оюн болуп жаткандыктан жакшы, сүйкүмдүү болсун деген ой менен ушул ысымды тандап алдык", — деди Жанузаков.
Студенттер спорттун волейбол, мини-футбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стритбол, таяк тартыш боюнча ат салышат.