Азия чемпионаты: КР футзалчыларынын атаандаштары аныкталды

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер кыргызстандыктар тайпада биринчи же экинчи орунду алып калса, анда Азиянын биринчилигинин чейрек финалына өтүшөт. Оюн 16-майда башталат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Футзал боюнча Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө Кыргызстандын жаштар курама командасы (20 жашка чейин) ким менен ойной турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулардын жеңиши сүрөттө
Чучу кулак 30-мартта Таиланддын Бангкок шаарында өткөрүлгөн. Анда 21 команда төрт тайпага бөлүнүп ойнору маалым болгон.

Кыргызстандын курама командасы D тайпасына туш болуп, Иран, Кытай, Монголия жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командалары менен таймашат.

Турнирдин финалдык бөлүгү 16-майдан 28-майга чейин Таиланддын борборунда Бангкоктун Арена жана Huamark Indoor Stadium стадиондорунда өтмөкчү.

Жыйынтыгында ар бир топтон эки мыкты команда тандалып, чейрек финалга чыгышат.

Чучу кулактын жыйынтыгы:

  • "А" тайпасы: Таиланд, Ирак, Малайзия, Бруней, Бахрейн, Афганистан;
  • "В" тайпасы: Вьетнам, Япония, Кытай Тайбэйи, Тажикстан, Индонезия;
  • "С" тайпасы: Өзбекстан, Катар, Ливан, Мьянма, Гонконг;
  • "D" тайпасы: Иран, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Бириккен Араб Эмирлиги
Жаңылыктар түрмөгү
0