Божомол: FIFA рейтингинде Кыргызстандын позициясы начарлайт

Жазылуу
Өткөн жылы улуттук курам 99-позицияны ээлеп, рекорд койгон эле.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Футбол боюнча божомол жүргүзүп келген football-rankings.info сайты январь айында FIFA рейтинги боюнча Кыргызстандын позициясы эки тепкичке түшүп, 124-орунда болорун жазып чыкты. 

Өткөн жылы улуттук курам 99-позицияны ээлеп, рекорд койгон эле. Анткен менен кийинки айларда позиция төмөндөп, декабрдагы рейтингде 122-орунга татыган.

football-rankings.info сайтынын адистери бул айда улуттук курамдын позициясы эки тепкичке начарлап, 124-орунду ээлейт деп болжошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0