БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко АКШлык атаандашы Сара Кауфманды жеңип алганын Тайбокс федерациясы билдирди.
Кыргызстандык спортчу UFC алкагында аралаш мушташ боюнча турнирдин дебюттук беттешүүсүндө жеңишке ээ болду.
Мушкер кыздар 62 килограммдык салмакта күч сынашты. Алгач Кауфман Жерамин де Рандами менен чыга турган болсо, голландиялык спортчунун жараатынан улам Шевченкого туш келип калган.